Токтогул районундагы Токтогул суу сактагычынын жээгинен 61 жаштагы кишинин сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 23-август күнү Жаңы-Жол айыл аймагынын Кара-Суу айылында Токтогул суу сактагычынын жээгинде 1959-жылы туулган эркек кишинин жансыз денеси жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
24-август күнү издөө иштерине КР ӨКМнин №97 өрткө
каршы куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары, ИИМден 5 кызматкер тартылып, маркумдун
жансыз денесин табышып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн