Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 03:44
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Токтогул жана Тогуз-Торо РИИБдери эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүздү (сүрөт)

13.07.2020 11:51
996
Токтогул жана Тогуз-Торо РИИБдери эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүздү (сүрөт)


Жалал-Абад облустук милициясы жергиликтүү бийлик жана тиешелүү кызматтар менен биргеликте коронавируска, суу кырсыктарына каршы профилактикалык иштерди улантууда. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматынан билдирди.


Маалыматка ылайык, Токтогул РИИБи тарабынан жайкы сууга чөгүүлөрдүн алдын алуу максатында текшерүү жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. Ата-энелерге өспүрүмдөрдү аптаптуу күндөрү кароосуз калтырбай, алардын кайда жүргөнүнөн кабар алып туруу зарылдыгы жеткирилген.


Ошондой эле сууга түшүүгө мүмкүн эмес жерлерге эскертүү тактайчалары орнотулган.


Ал эми Тогуз-Торо РИИБдин кызматкерлери район аймагында жугуштуу илдеттин алдын алуу максатында түшүндүрүү иштерин алып барышкан. Унаа оңдоочу жана соода жайлары көзөмөлгө алынып, медициналык талаптарды, жеке гигиенаны сактоо зарылдыгы эскертилген. Ар дайым аралыкты сактап, антисептикалык каражаттарды колдонуу менен жугуштуу илдеттин алдын алууга болоору айтылган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн