Токтогул районунда Борду-Кыя суусуна 19 жаштагы жигит чөгүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, 6-июль күнү саат 19:38де Бел-Алды айылынын Борду-Кыя суусуна 2001-жылы туулган эркек киши түшүп кеткен. Куткаруучулар саат 20:45те суудан маркумдун жансыз денесин чыгарышып, туугандарына өткөрүп беришкен.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн