Бугу 22, 2024
Убакыт: 08:45
USD
88.00
88.90
EUR
95.50
96.50
RUB
0.965
0.990

ЖК депутатынын иниси коронавируска чалдыкканбы? Өкмөт өкүлүнүн жообу

21.05.2020 14:09
1050
ЖК депутатынын иниси коронавируска чалдыкканбы? Өкмөт өкүлүнүн жообу


21-майдагы брифингде Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурболот Мирзахмедовго Жогорку Кеңештин депутатынын иниси коронавирус жуктуруп алдыбы деген суроо узатылды.


Мирзахмедов ага ооруну жуктуруп алгандардын өздүгү купуя боюнча калаарын айтып жооп берди.


“Негизи биз ооруган адамдын аты-жөнүн ачыктабайбыз. Буга байланыштуу илдетти жуктурган адам депутаттын инисиби же иниси эмес деп так маалымат бере албайм. Токтогул районунан бир инсан илдетти жуктуруп алган, ал Россиядан жүк ташыган унаа менен Талас облусу аркылуу келген. Ошол жактан ПЧР анализинен коронавиурс табылган. Ал эми анын жүгү тез бузулуп кетүүчү азыктардын катарына киргендиктен жиберилген. Токтогул районуна келгенден кийин 26 адам менен байланышта болгон. Бүгүнкү күндө 26 адам үй карантинине алынып, өзү Жалал-Абад шаарындагы инфекциялык ооруканага жаткырылды”, - деди Мирзахмедов.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн