Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 15:53
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Токтогулда мыйзамсыз басылып алынган жер майыптарга өткөрүлүп берилди

28.06.2021 12:51
925
Токтогулда мыйзамсыз басылып алынган жер майыптарга өткөрүлүп берилди



Токтогул райондук прокуратурасы тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилген 0,15 га жер тилкеси Чолпон-Ата айыл өкмөтүнүн балансына кайтарылып, 1-топтогу майып адамга өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.


Прокурордук текшерүүнүн жүрүшүндө, аталган райондун Ак-Тектир айылынын тургуну К.С. 0,15 га жери бар экендигине карабастан, анын аянтын мыйзамсыз кеңейтүү максатында кошумча 0,15 га жерди басып алып, аны тосмолоп алгандыгы такталган.


Прокуратура тарабынан мыйзам бузууларды четтетүү жөнүндө сунуш киргизилип, аны кароонун жыйынтыгы менен аталган жер тилкеси Чолпон-Ата айыл өкмөтүнүн балансына кайтарылып алынган.


Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, тоголок жетим балдарга жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга турак жай, жер тилкелери кезексиз берилүүгө тийиш. Андыктан, мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарга турак жай куруу үчүн жер тилкесин берүү жөнүндө аталган айыл аймагынын башчысынын наамына прокурордук акт келтирилген.


2021-жылдын 25-июнунда бул жер тилкеси аталган айыл өкмөтүнүн тургуну майып Т. Н. кызынын жеке менчигине өткөрүлүп, ага укук белгилөөчү жана укук күбөлөндүрүүчү мамлекеттик акты берилди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн