Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 17:33
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Токтогулда оорукананын эсепчиси пара алып жаткан жеринен кармалды

10.08.2022 16:52
498
Токтогулда оорукананын эсепчиси пара алып жаткан жеринен кармалды



КР УКМК Жалал-Абад областы боюнча башкы башкармалыгына катталган кылмыш ишинин алкагында, Токтогул райондук жалпы медициналык практика борборунун башкы эсепчиси пара алып жаткан жеринен кармалды.


    Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин маалымат кызматы билдиргендей, 2022-жылдын май айында жогоруда аталган борбор компьютердик кызмат көрсөтүү боюнча тендер жарыялап, анда «Н.Т.О.» аттуу жаран жеңүүчү деп табылган. Токтогул райондук жалпы дарыгерлик практика борборунун башкы эсепчисине аткарылган иштери боюнча отчет берилсе дагы, ал 24 миң сом өлчөмүндө «бөлүшүү» акча каражатын талап кыла баштаган.


    2022-жылдын 9-августунда көрүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгында башкы бухгалтер А.М.Ю. кармалып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгүндө жана Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 96-беренесинде каралган кылмышты жасаган деген шек менен КР УКМК Жалал-Абад облусу боюнча тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. 

 

  Учурда ыкчам-иликтөө иш-чаралар жүрүп жатат.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн