Бугу 20, 2024
Убакыт: 05:23
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Токтогулда спирт ичимдиктерин сатууга эл каршы (видео)

15.05.2020 18:20
2454
Токтогулда спирт ичимдиктерин сатууга эл каршы (видео)

 

Жалал-Абад облусунун Токтогул районун аймагында спирт ичимдиктерин сатууга тыюу салынышын элдин 90 пайызы колдоп жатат. Бул тууралуу Токтогул районун активисттеринин бири Аскар Дөөлөткелдиев “Медиа центр” мультимедиалык-маалымат агенттигине маек берип жатып билдирди.


Анын айтымында ар бир айылга ичимдиктин зыяндуулугу тууралуу баннерлер илинип, айыл эли тарабынан жылуу кабыл алынууда. Ал эми айылдын депутаттары, мугалимдер спирт ичимдиктеринин сатылуусуна каршы туруп, активистер менен бирге иш алып барууда.

 

“Эки ай мурда Москва шаарындагы Токтогул районун коому тарабынан ичимдиктерди сатууга тыюуу салуу тууралуу сунуш түшкөн. Аны Токтогулдагы жаштар, активистер колдоп, буга чейин ар бир айыл өкмөттөрдө түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келдик. Иш-чаранын башкы планында ичимдикти сатууга жана ичүүгө баардык айылдардын тургундарынын оюн угуп чыгып, кол топтоо болчу. Бүгүнкү күндө райондун элинин 90 пайызы ичимдиктин сатылуусуна каршы экенин билдиришип, кол коюп беришти”, - деди активист.


Билдирүүгө караганда топтолгон колду райондун акимятына жана прокуротурага өткөрүп берүү иштери калды. Ал эми активисттер сунуштаган талаптарды кандай чечери райондун акиминен көз каранды.

 

Активисттер тарабынан иштелип чыккан алты талап:


1. Токтогул районунун борборунда спирт ичимдиктеринин сатылуусун чектөө;

2. Өспүрүмдөргө спирт ичимдиги сатылбасын;

3. Айылдарда спирт ичимдиктери сатылбасын;

4. Жергиликтүү бийлик токтом чыгарып беришин талап кылуу;

5. Ушул ишти көзөмөлгө алуучу органдарды дайындоо жана ар бир айылдын активистерин көзөмөлдөөчүлөргө кошуу;

6. Карантинден кийин массалык чогулуш уюштуруу.



Пикирлер (7)

Коопсуздук коду
Эркинай Паязова
Жаратканым колдосун!!
Омурлан МАНАСБЕК УУЛУ
Азаматсынар жигиттер жакшы кылып жатыпсынар елдин баары колдойт мындай жакшы ишти алга алга жана алга.
Алтынбек Жумагулов Шамилович
Азаматсынар Кызыл Ураан айылынын патриот жигиттери , Алла раазы болсун! Мен колдойм,туура чечим чыгаргансынар Токтогулдук жердештер!!!!
Шаршенбек уулу Эржан
Осуп жаткан муун учун Колдоо керек, аракты Кудай арам кылганын баарыбыз билсек, иш дагы да илгерилемек
Имаралиев Мырзахид
Эн соонун Аскар Доолеткелдиев азаматсын! Колдойбуз