Бугу 19, 2024
Убакыт: 13:32
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Токтогулдук жигит кичи мекенине 10 ИВЛ аппаратка буйрутма берди

06.07.2020 11:58
4260
Токтогулдук жигит кичи мекенине 10 ИВЛ аппаратка буйрутма берди


Америка Кошмо Штатында жүргөн Токтогул районунун Кара-Тектир айылынын кулуну Урмат Абасканов кичи мекенине 10 ИВЛ аппарат алып берет. Бул тууралуу Абасканов өзүнүн фейсбук баракчасына жарыялады.


“Бүгүнкү кырдаал Кыргызстанда абдан оор болуп жатат, биз дагы четте карап турбастан Токтогулдун ооруканасына жеке үй-бүлөөмдүн атынан, Алланан жардамы менен 5 ИВЛ аппаратына Түркиядан буйрутма берип койдук. Буйруса жуманын аягына келип калат. Өнөктөштөрүмүн атынан дага 5 ИВЛ аппарат башка региондорго берилет. Ошондой эле компаниябыздын атынан азыркы учурда кырдаал курчуп турган Бишкекке материалдык жардам көрсөтүп жатабыз”, - деген патрионт жигит.




Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Кыял
Азаматсын, кудай сага эки-эселеп берсин, тилегине жет.