Бугу 20, 2024
Убакыт: 05:54
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Токтогулдун милициясы көңүл ачуучу жайларга барып эс алуудан алыс болууга чакырды

23.06.2020 11:16
1519
Токтогулдун милициясы көңүл ачуучу жайларга барып эс алуудан алыс болууга чакырды

Токтогул райондук милициясы тарабынан мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн жаратылышта эс алууларын, кафе-ресторандарда көңүл ачууларды болтурбоо багытында жумуштарды  улантууда. 


Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, Бишкек—Ош автоунаа жолунун көпчүлүк бөлүгү Токтогул районунун аймагынан өткөндүгүнө байланыштуу санитардык-карантиндик посттор уюштурулган.  Бул жайларда Токтогул РИИБдин жана "Шумкар" АБПнын Жалал-Абад шаарындагы өзүнчө ротасынын кызматкерлери тиешелүү кызматтар менен биргеликте жарандардын саламаттыгы үчүн күнү-түнү кызмат өтөшүүдө. 


РИИБдин жетекчилги тарабынан кызматкерлерге күн сайын инструктаж өткөрүлүп, жарандардын себепсиз кирип чыгууларынын алдын алуу керектиги жана эл менен сылык мамиледи болуу зарылдыгы, корогонуучу каражаттарды колдонуу эрежелери жеткирилип жатат. 


Өзгөчө кырдаал режими алына электиги жана жугуштуу оорунун күн санап күчөп бара жаткандыгы посттон өтүп жаткан ар бир жаранга түшүндүрүлүп жатат. Милиция кызматкерлери элди жаралган кырдааалды туура кабыл алып сабырдуу болууга жана санитардык нормаларды сактап, тиешелүү медициналык каражаттарды колдонууга чакырышууда. 


Жугуштуу илдетке кабылган жарандар менен байланышта болуп обсервацияга алынган атуулдар милициянын толук көзөмөлүнө алынган. Базарларда, соода түйүндөрүндө,  тамактануучу жайларда санитардык норманын сакталышы текшерилип, эскертүүлөр берилип жатат. 


Мындан сырткары Токтогул РИИБ тарабынан мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн жаратылышта эс алууларын, кафе-ресторандарда көңүл ачууларды болтурбоо багытындагы жумуштары дагы улантылууда. Милиция кызматкерлери бүтүрүүчүлөрдү табигый кырсыктардан жана көңүл ачуучу жайларга барып эс алуудан алыс болууга чакырышууда. Ошондой эле өспүрүмдөр арасындагы сууга чөгүүлөргө бөгөт коюу багытында иштер жүргүзүлүп, сууга түшүүгө кооптуу аймактарга эскертүү белгилери коюлуп, бул багытта да жеткиликтүү иштер аткарылууда. 



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн