Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 16:13
USD
89.00
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.945
0.970

Токтогулдун тургуну ок атуучу курал жана 541 килограммдан ашык баңгизат менен кармалды

13.10.2020 11:07
727
Токтогулдун тургуну ок атуучу курал жана 541 килограммдан ашык баңгизат менен кармалды


ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы ири көлөмдөгү баңгизаттарды алуу боюнча операциянын жүрүшүндө 541 килограммдан ашык баңгизат табышты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. 


Маалыматка караганда, ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшү кызматынын  кызматкерлерине Токтогул районунун  жашоочусу өзүнүн үйүндө  өсүмдүк түрүндөгү баңгизатын  даярдап жатат деген ыкчам маалымат келип түшкөн.  Аталган факт КЖБРге  катталып, сотко чейинки өндүрүш ишине алынып, тергөө амалдары жүргүзүлө башталган. Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө шектүүнүн изине түшүүгө мүмкүн болуп, баңгизатын мыйзамсыз өндүргөн көмүскө жайына бөгөт коюлган.


Жүргүзүлгөн атайын тергөө иш-чаралардын натыйжасында Токтогул районунун 1982-жылы туулган Ү.М. аттуу  тургундун үйүнө тинтүү жүргүзгөн учурда, анын сарайынын ичинен 15 даана  канистр, 5 даана челек,  4 даана ак түстөгү капка салынган  күрөң-жашыл түстөгү өзгөчө кендир жыты бар зат табылып алынган.  Андан сырткары,   “ТОЗ-8”  үлгүсүндөгү ок атуучу куралы, 12 даана 7.62 калибриндеги октор, гильзалар  табылган.


Соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, жогорудагы көрсөтүлгөн заттардын жалпы салмагы 541 килограмм 609 граммды түзгөн, анын ичинен: суюктук баңги заты 489 килограмм 760 грамм, марихуана 51 килограмм  849 грамм. Азыркы учурда шектүү Ү. М. соттун чечимине ылайык 2 айга камака алынып, тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн