Бугу 07, 2024
Убакыт: 02:56
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

Токтоп турган унааны айдап качууга аракет кылган 18 жаштагы бала кармалды

28.10.2021 16:55
674
Токтоп турган унааны айдап качууга аракет кылган 18 жаштагы бала кармалды

 Бишкекте 18 жаштагы жигит BMW 520 автоунаасын айдап качууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы билдирет.


Маалыматка ылайык, күн мурун, 27-октябрда болжол менен саат 23:14тө милицияга Арча-Бешик жаңы конушунун Э. Айылчиев көчөсүнөн автоунаа уурдалды деген маалымат келип түшкөн.


Айтылган дарекке келген кайгуул кызматкерлерине 1998-жылы туулган Б.Б., аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал өз арызында болжол менен саат 11:36 чамасында BMW 520 үлгүсүндөгү автоунаасын үйүнүн жанына токтотуп койгон жеринен белгисиз жарандар мыйзамсыз айдап кетишкендигин билдирген.


Аталган факт боюнча издеп табуу иштери жүргүзүлүп, Раззаков жана Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинен автоунааны айдап качууга шектелген жаран кармалган.


Ал 2003-жылы туулган Ш.Б., аттуу жаран болуп чыккан, шектүү Ленин райондук ИИБнын Тергөө кызматына жеткирилген.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн