Бугу 13, 2024
Убакыт: 12:14
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

“Толгон-токой көйгөйлөр менен жаңы окуу жылына кадам таштадык”

05.09.2023 10:34
218
“Толгон-токой көйгөйлөр менен жаңы окуу жылына кадам таштадык”


- Бүгүнкү мектептерибиздин абалы, мугалимдердин билим берүүдөгү деңгээли сизди канааттандырабы? Жаңы окуу жылына кандай көйгөйлөр менен баратабыз?

Кеңешбек Сайназаров, билим берүү боюнча эксперт:

- Албетте, бүгүнкү абал канааттандырбайт. Анын үч себеби бар. Биринчиси – бизде мектеп деген билим менен тарбиянын очогу болуусу шарт. Тилекке каршы, биз ошол нерсеге чыга албай жатабыз. Мектеп коомдун агартуучу ролун аткарбастан, коомго баш ийген абалда калууда. Мектептин ичиндеги педагогикалык лидерлик дегенди көрсөтө турган мектеп директорлору, администрациясы, орун басарлары, окуу тарбия боюнча көзөмөлдөөчүлөр – баары билимдин сапатына карап, билим менен тарбияны жеткиликтүү деңгээлде алып чыкканга шарт түзүлбөй жатат. Ал үчүн министрлик ошондой бир шыктандыра турган шарттарды түзүп бериши керек деп ойлойм. Экинчи себеби – мектептер алгылыктуу деңгээлде жок дегенде китеп менен жеткиликтүү камсыздалбайт. Билим берүү үчүн китеп кандай зарыл экендигин баарыбыз билебиз. Ошол нерсе болбой калды. Башка китептерди айтпай эле коёлу. Бир предметтен бир китеп дегенди дагы жетиштире албай жатабыз. Ошол нерсе өкүндүрөт. Үчүнчү себеби – тарбия маселеси. Ата-эне менен мектеп чогуу иштегенде гана тарбия маселеси жолго коюлат эле. Ата-энелер сыртта калып, акча чогулта турган булакка гана айланып калышты, б.а., мектептин тарбия иштерине жакшы каралаша албай калышты. Мугалимдердин билим берүүдөгү деңгээли дагы канааттандырбайт. Себеби, биз “мугалимдер” деген контингентти билим берүүнүн кыймылдаткыч күчү катары негизги ролду ойнойт деп кабыл албай жатабыз. Ал үчүн мугалимдерге шарт түзүлүүсү керек. Мугалимдерге шарт түзүүнүн үч негизги тутуму бар. Биринчиси – мугалимдердин кесиптик деңгээлин жогорулатуу. РайОНО ж.б. жактан текшерүү үчүн баргандар мугалимдерге жардам берүүгө гана баруулары шарт. Экинчиси – биз акыркы убакта мугалимдерди кагаздын кулу кылып салдык. Алар кагаз менен алышып отуруп, окутаарга келгенде болгон энергиялары түгөнүп калат. Үчүнчүсү – мугалимдердин контингентин сапаттуу контингентке айландыруу. Бизде баягы эле союз убагындагыдай “кой, бул агай адамгерчиликтүү, жакшы адам” деп теңдемеликке өткөнүбүздөн, алдыга жыла албай жатабыз. Мугалимдерди жакшы жолго коёбуз десек, алардын билим берүү сапатына карап, ошого жараша акча төлөнүшү шарт. Жакшы тарбия берип, агартуучулук милдетин мыкты аткаргандарга жеткиликтүү деңгээлде төлөнүшү абзел. А эгер жакшы иштебесе, айлык ошого жараша берилүүсү керек.

Мына эми деле “жаңы окуу жылына карата мугалимдерге кантип жакшыраак шарт түзөбүз? Алардын педагогикалык аброюн кантип көтөрөбүз?” деген такыр ой жок. Мугалимдерди кул катары көрүү, окуу китептеринин жетишпегени, анан калса, шаар жергесинде мектептердин жетишпестиктери менен арбын көйгөйлөр коштолуп, дегеле эффективдүү пайдаланууну дагы деле ойлонбостон жаңы окуу жылына кадам таштап баратабыз... 


Алмаз Тажыбай, саясый талдоочу:

-- Ата-энелерден жана коомчулуктагы маалыматтан алсак, биринчи көйгөй – мектептердин жетишпегени, албетте, канааттандырбайт. Анткени Бишкек шаарынын жана ага жакын жайгашкан жаңы конуштардагы мектептерде балдардын саны көп. 750 окуучуга ылайыкталган мектепте үч нөөмөт менен 4500 окуучу окуйт. Мисалы, орто эсеп менен алганда бир мугалим 25-28 баланы окутат, ал эми Германияда бир мугалим 10 эле баланы окутат жана класстарда стандарт боюнча окуучулар 20дан, гимназияларда 30дан ашпаш керек. Бизде болсо класстар 40-70 окуучуга чейин толуп калган. Анан ошол мугалимдерден билим сапатын камсыздоо талап кылынат. Көбүнчө окуучулар мектептен үлгүрбөй калган билимди толтуруу үчүн колунда бар ата-энелердин балдары кошумча сабак алып, ар кандай курстарды тыштан барып окушат. Калган коопсуздук, окуу шарттар, жабдыктары, окуу куралдар, китептер, тамагы, имараттын абалы, мугалимдердин шарттары жана деңгээли, айлык маянасы, мектептеги окуу программасынын мазмуну жана башка толгон-токой критерийлерди айтпасак деле белгилүү. Учурда Бишкек шаары жана региондордо, райондук, облустук борборлордо да ушундай жетишпегендиктер арбын. 


Жамиля Нурманбетова 
Булак: "Азия Ньюс" гезити

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн