Бугу 08, 2024
Убакыт: 20:24
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Толкунбек Абдыгулов: Самат Ибраев көтөрүп жаткан мыйзам иштесе, Улуттук банк "кара тизмеге" кирип калышы мүмкүн (видео)

30.09.2021 10:32
998
Толкунбек Абдыгулов: Самат Ибраев көтөрүп жаткан мыйзам иштесе, Улуттук банк "кара тизмеге" кирип калышы мүмкүн (видео)

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын мурдагы төрагасы Толкунбек Абдыгулов кызматтан кетип жатып депутат Самат Ибраев, Бактыбек Турусбеков демилгелеген мыйзам долбоору тууралуу өзүнүн оюн айтты. Бул тууралуу ал "Спутник Кыргызстан" кызматына билдирди.


Анын айтымында, бул мыйзам иштесе Улуттук банк "кара тизмеге" кирип, өнөктөштөрү жок калат.


"Бул мыйзам финтех сыяктуу деле эмес. Улуттук банк жеке жактарды тейлейт деген дүйнөдө жок. Анда коммерциялык банктардын кереги эмне?

Бул мыйзам Улуттук банкты көз каранды кылып, өнөктөштөрүнөн айрылтат жана "кара тизмеге" киришине себеп болот. Ага киргенден кийин эч ким Улуттук банк менен иштешпей калат",- деди Абдыгулов.



 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн