Маска такпаган адамдарды мажбурлап тактырыш керек. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин мурдагы орун басары Төлө Исаков "Вести.кг" басылмасына билдирген.
Анын айтымында, оору канчалык коркунучтуу экенин билип туруп, адамдардын кайдыргер мамиле жасаганы туура эмес.
"Адамдар масканы такпаса, мажбурлап тактырыш керек. Кыргызстанда көптөгөн ишканалар бар. Алардын жетекчилерине кызматкерлери маска тагынбаса айып пул салыш керек. Адамдар өздөрүнө вирус жукпайт деп ойлошот, бирок оору ар бир адамга жугат",- деди Исаков.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн