Бугу 10, 2024
Убакыт: 14:51
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Төлөгөн Келдибаев, коомдук ишмер: “Азык-түлүк коопсуздугун чечүү – өлкөдөгү саясый туруктуулукту камсыздайт”

26.10.2023 11:25
1169
Төлөгөн Келдибаев, коомдук ишмер: “Азык-түлүк коопсуздугун чечүү – өлкөдөгү саясый туруктуулукту камсыздайт”


- Төлөгөн мырза, Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин ортосунда пикир келишпестик жаралдыбы? Буга Камчыбек Көлбаевдин УКМК тарабынан өлтүрүлүшү себепчиби?..


- Камчыбек Көлбаевдин айланасында болгон окуяны Садыр Жапаров эл катары соцтармактарда тараган маалыматтардан билгенин айтты. Президент болгондон кийин баардык окуяларды, кырсыктарды алдын ала биле албайт. Эки тараптуу келишпестик, бирин-бири түшүнбөстүк чыңалууга жетип, аягы адам өлүмү менен аяктады. Мындай окуянын болуп кетишин эч ким ойлобосо керек эле. Атайын даярдыктагы “Альфа” тобу барганга чейин атайын кызматтын жооптуу адамдары менен Камчы Көлбаевдин балдарынын ортосунда келишпестик орун алып, андан кийин “Альфа” тобу барган окшойт. Коомчулукта ар түрдүү ушак сөздөр токтобой жатат. Ошого байланыштуу аскер прокуратурасы тергөө жүргүзүп жаткандыгын президент айтты. Камчыбек Ташиев менен Садыр Жапаровдун карама-каршы пикирлери болгон жок. Ташиев “уюшкан кылмыштуу топтор менен күрөшүү президенттин тапшырмасы” деп айтты. Мамлекет башчысы болгон адам уюшкан кылмыштуу топтор, коррупция менен күрөшүүнү күч органдарынан талап кылат. Андай аманатты, ишенимди эл берди, элдин ишенимин актоо зарыл. Садыр Жапаров өз сөзүндө “уюшкан кылмыштуу топтор биздин өлкөдө болбош керек” деп айтты.


Кыргызстанда бир эле авторитет болуш керек, ал – мыйзам! Салыкты салык кызматы гана жыйнаш керек...


Баса, айыл чарба министри Аскарбек Жаныбековдун ишмердүүлүгү тууралуу да көп сөздөр айтыла баштады. Өлкөбүздө азык-түлүк коопсуздугу колго алынып, дыйкандардын мээнети акталып атабы?


- Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбековдун ишмердигин канааттандырарлык деп айтууга болбойт. Министрди дайындоодо буга чейинки басып өткөн тарыхы, ийгиликтери же министрликке келгенге чейинки үлгүлүү пайдалуу жумушу болгонбу (?) деп карап көрүш керек эле. Айыл чарба тармагын министрге эле жүктөп коюу да туура эмес. Айыл чарбасын министрлер кабинетинин башчысы, президент дайым көзөмөлдөп, колдоп туруш керек да. Министрлер кабинетинин орун басарларынын бири да айыл чарбасында иштеген эмес, ал тармакты түшүнүшпөйт. Өкмөттүн ыйгарым укугу менен айыл чарба министринин буйругу бардык бийлик бутактарына милдеттүү жана аткарууга алына тургандай кылыш керек. Мисалы, кылкандуу дан эгинин айдап-себүү өнөктүгүн жүргүзүүдө өкмөттөн баштап айыл өкмөтүнө чейин штабдар уюштурулуп, “жазылып жаткан маалыматтар чынбы, же элди алдап отчет кылып жатышабы?” деген нерсени такташ үчүн бийлик өкүлдөрү, күч түзүмдөрүнүн аймактык өкүлдөрү да ал штабга кириши керек. Элге азык-түлүк, өзгөчө нан азыктарынын баасын туруктуу кармоо үчүн күздүк айдап-себүүнү көзөмөлгө алып, аким, облустагы президенттин өкүлдөрү өздөрү баш болуп эгин өстүрүшү зарыл. Себеби, дүйнөдө дан азыктарына туруктуу баа болбой калышы мүмкүн. Биз өзүбүздүн атамекендик товар өндүрүүчүлөр тарабынан даярдалган же өстүрүлгөн дан азыктары элди бир ай да камсыздай албайт. Күрүч, суумай жана башкаларды өзүбүз өстүрүп алсак болот. Бирок, ал өкмөттүк деңгээлде чечиле турган жана колдоого алына турган жумуш. Эгерде айыл чарба министрлигине көңүл бурбасак, улуттук статкомитеттин отчётторун көчүрүп алып отура беришет. “Сүт, жүн, эт өткөн жылга салыштырмалуу 3%га көбөйдү” деп жалган маалыматтарды топтоп айта беришет.


Азык-түлүк коопсуздугун чечүү – өлкөдө саясый, экономикалык туруктуулукту камсыздайт. 


Булак: "Азия Ньюс" гезити

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн