Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 20:40
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Төлөй албасак өлөйлүбү? Парламентте Акылбек Жапаров менен Адахан Мадумаров кайым айтышты

16.02.2023 14:41
304
Төлөй албасак өлөйлүбү? Парламентте Акылбек Жапаров менен Адахан Мадумаров кайым айтышты

Бүгүн, 16-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Адахан Мадумаров менен Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун ортосунда кайым айтышуу болду.


Депутат Адахан Мадумаров Конституциянын 44-беренесине ылайык, Министрлер кабинети ар бир пенсионерге жашоо минимум көрсөткүчүнөн аз эмес пенсия берүүгө милдеттүү экенин билдирип, Акылбек Жапаровдон эмне үчүн Конституциядагы норманы аткарбай жатканын сурады.


–Биздин учурдагы экономикабыз аны көтөрө албайт. Ошондуктан биз Конституциялык сотко кайрылып, ал берене боюнча түшүндүрмө берүүнү сурандык.

–Эмнесин түшүнгөн жоксуз? Ачык айтылып турат.Сиздер ошону төлөйбүз деп келгенсиздер.

–Эмне төлөй албасак өлөйлүбү?

–Төлөй албасаңар башкаларга өткөрүп бергиле.

–Мен бул нормага башында эле каршы болгонмун.

–Каршы болгон болсоңуз эмне үчүн иштеп жатасыз?

–Биз бул норма боюнча милдеттерди аткарууга аракет кылып жатабыз.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн