Төлөйкөн шайлоо округунун шайлоочулары шайлоочулары президент Садыр Жапаровго кайрылуу жасады.
Төлөйкөн округунун Кыргыз-Чек жана Шарк айыл аймактарынын тургундары 28-ноябрда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгына байланыштуу президентке кайрылуу жасашты.
"Урматтуу Садыр Жапаров, 28-ноябрда сиз убадаңызга туруп эң таза шайлоону өткөрүп бердиңиз.
Биздин эл өзүнүн тандоосун жасады. Элибиз Алимбеков Нурбекти шайлап алды. Анткени ал буга чейин да депутат болгон. Эл менен тыгыз иштешип, элдин көйгөйүн чечип келген.
Эми жеңилген тарап жеңилгенди да билиш керек. Биздин элибизге тынчтык керек",- дейт Кыргыз-Чек айылынын тургундары.
Ал эми Шарк айылынын тургундары да ушундай эле пикирде. Алар дагы шайлоо таза өткөнүн белгилеп, элге тынчтык керектигин билдирди.
Пикирлер (2)