Бугу 05, 2024
Убакыт: 15:47
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Толук айыл өкмөтүнүн башчылыгына талапкер Т.Ажыбаев бүт депутаттын добушуна ээ болду

28.07.2020 09:59
1616
Толук айыл өкмөтүнүн башчылыгына талапкер Т.Ажыбаев бүт депутаттын добушуна ээ болду


Токтогул районундагы Толук айыл өкмөтүнүн башчысы болуп Ажыбаев Толукбек Бектурсунович шайланды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.


БШК Толук айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо жана добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протоколду бекитти. 


Маалыматка ылайык, Толук айыл өкмөтүнө эки талапкер: Толукбек Ажыбаев жана Абдыракман Куракеев жергиликтүү кеңештин депутаттары тарабынан көрсөтүлгөн. Шайлоого 11 депутаттын 9у катышкан. Добуш берүүнүн натыйжасында Т.Ажыбаев 9 добуш алган, ал эми А.Куракеевге эч ким добуш берген эмес.


Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынан добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун өткөндүгү тууралуу келип түшкөн протоколунун негизинде БШК Толук айыл өкмөтүнүн башчысы шайлоо өттү жана бул кызматка Ажыбаев шайланды деп тааныды.  


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн