Жетинин айы 26, 2024
Убакыт: 04:06
USD
86.65
87.15
EUR
90.50
91.50
RUB
0.830
0.875

Төмөнкү-Чүй айылында дээрлик 50 гектар жайыт жер мыйзамсыз түрдө ижарага берилип кеткен

12.04.2022 11:15
930
Төмөнкү-Чүй айылында дээрлик 50 гектар жайыт жер мыйзамсыз түрдө ижарага берилип кеткен

Төмөнкү-Чүй айылында  дээрлик 50 гектар жайыт жер мыйзамсыз түрдө 49 жылга ижарага берилип кеткен. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы кабарлады.


Чүй областынын Сокулук райондук прокуратурасы тарабынан Жер кодексинин жана “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча органдары” жөнүндө мыйзамынын аткарылышы боюнча Төмөнкү-Чүй айыл өкмөтүндө текшерүү жүргүзүлдү.


Текшерүүнүн жүрүшүндө, аталган айыл өкмөттүн 2003-жылдагы чечими менен Т.Ж. аттуу жаранга мыйзамсыз түрдө 48,5 га жайыт жер тилкеси убактылуу колдонуу үчүн 49 жылга берилип кеткендиги аныкталган.


Прокурордук актынын негизинде, жыйынтыгы менен Төмөнкү-Чүй айыл өкмөтүнүн чечими менен жогоруда аталган 2 млн 425 миң сомго бааланган 48,5 га жайыт жер тилкеси айыл өкмөттүн балансына кайтарылды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн