Чын курандын 19, 2025
Убакыт: 01:19
USD
86.90
87.40
EUR
98.50
99.50
RUB
1.050
1.095

Тоң районунда 30дай үйдү, короо-жайды сел каптады

28.08.2023 12:08
511
Тоң районунда 30дай үйдү, короо-жайды сел каптады


Ысык-Көлдүн Тоң районуна караштуу Көк-Мойнок-1 айылында селдин кесепетин жоюу иштери уланып жатат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.


Маалыматка ылайык, кечээ, 27-августтагы кыска мөөнөттөгү нөшөрлөп жааган жаандан улам топон суу 30дай үйдү, короо-жайды, жер төлөлөрдү каптап, ички чарбалык жолдор бузулган.


"Жеринде кечетен бери куткаруучулар жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте сел суулары тазалоо иштерин улантып жатат. Бүгүн, 28-августта жалпысынан 17 куткаруучу тартылды", - деп жазылган маалыматта.

Белгилей кетсек, Кыргызгидромет борбору аба ырайына байланыштуу чукул кабар тараткан. Ага ылайык, күндүн ырайы кескин өзгөрүп, 27-28-август күндөрү көпчүлүк аймактарда жамгыр жаайт, тоолуу райондордо жаан карга айланат жана айрым жерлерде жаан-чачын катуу болушу ыктымал.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн