Бугу 18, 2024
Убакыт: 16:29
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Тоң районунда 8 бөлүктөн турган мультидиагностикалык мобилдик клиника ишин баштады

13.07.2022 14:01
632
Тоң районунда 8 бөлүктөн турган мультидиагностикалык мобилдик клиника ишин баштады


Ысык-Көл облусунун Тоң районунда 8 бөлүктөн турган мультидиагностикалык мобилдик клиника ишин баштады. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгү билдирди.

Маалыматка ылайык, Бөкөнбаев айылындагы кырманга жайгашкан бул клиника район тургундарына 2 ай бою акысыз медициналык жардам көрсөтөт.

Мобилдик клиниканын базасында компьютердик томография, УЗИ аппараттары, маммограф, рентген-аппарат бөлүмдөрү иштейт. Ошондой эле гастроскоп, колоноскоп, офтальмоскоп, риноскоп, эхокардиограф сыяктуу медициналык жабдуулар бар. Аны менен катар эле биохимиялык жана башка анализдерди алуу үчүн лабораториялык жабдуу, хирургия бөлүмү, тез жардам унаасы да бар.

"Сапаттуу медициналык жардам алууну каалаган тургундар жергиликтүү ҮДТларга жана ФАПтарга кайрылып, кезекке туруулары керек" , - деп айтылат маалыматта.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн