Жетинин айы 21, 2024
Убакыт: 21:25
USD
86.50
86.85
EUR
91.30
92.30
RUB
0.855
0.885

Тоң районунда чагылган тийип өлгөн койлор эрежеге ылайык көмүлдү

17.08.2024 10:30
908
Тоң районунда чагылган тийип өлгөн койлор эрежеге ылайык көмүлдү


Тоң районунда чагылган тийип өлгөн койлор эрежеге ылайык көмүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 15-август күнү саат 17:30 чамасында Көлтөр айылынын Кичи-Анги жайлоосунда чагылган түшүп болжолдуу 60 баш кой өлгөндүгү тууралуу маалымат түшкөн.

16-августта жерине тактоо иштерин жүргүзүүгө Тоң району боюнча Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн жана райондук Жарандык коргонуу кызматынан кызматкерлери тартылып, койлор оттоп жүргөн жерине тоодон таштар кулап, жалпы 54 кой жабыркагандыгы аныкталган.

Анын ичинен өлгөн 31 баш кой ветеринардык-санитардык эреженин негизинде жерге көмүлүп, ал эми тирүү калган 23 баш койду ээлери тарабынан өз керектөөсүнө алышканы аныкталып, Комиссия тарабынан акт түзүлдү.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн