Бугу 10, 2024
Убакыт: 11:53
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Тоң районунда кызмат адамдары тарабынан айыл чарба техникаларын сатып алууда мыйзам бузуу фактысы аныкталды

13.03.2024 10:43
112
Тоң районунда кызмат адамдары тарабынан айыл чарба техникаларын сатып алууда мыйзам бузуу фактысы аныкталды


"Тон Манжылы Сервис" ЖЧКсынын подрядчы фирмасынын башкы директору И.М.С. кармалды, деп билдирет Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, УКМК Тоң районунун Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнүн кызмат адамдары тарабынан атайын айыл чарба техникаларын сатып алуу боюнча тендер өткөрүүдө мыйзам бузуу фактысы аныкталып, ал боюнча козголгон кылмыш ишин иликтөө уланууда.

Буга чейин белгилүү болгондой, 2023-жылдын 5-декабрында Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Б.Ш. УКМКнын кызматкерине айыл чарба техникаларын сатып алуунун жагдайын текшерүүнү токтотуу үчүн пара берүүгө аракет кылып жаткан учурда кармалган.

2024-жылдын 1-мартында бул кылмышка катыштыгы бар делген шек менен "Тон Манжылы Сервис" ЖЧКсынын подрядчы фирмасынын башкы директору, Кыргызстандын жараны И.М.С. кармалып, Каракол шаарындагы № 23 тергөө абагына киргизилди.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн