Бугу 03, 2024
Убакыт: 04:03
USD
88.80
89.70
EUR
94.70
95.70
RUB
0.940
0.975

Тоңдо эки унаа кагышып, кырсыктан 4 адам мерт кетип, экөө жаракат алды (ФОТО)

03.07.2020 09:54
1132
Тоңдо эки унаа кагышып, кырсыктан 4 адам мерт кетип, экөө жаракат алды (ФОТО)

 

Тоң районунда “Хонда-Степвагон” жана “Ауди-100” унаалары кагышып, кырсыктан 4 адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди.


Маалыматка ылайык, 2-июль күнү саат 20:30 чамасында Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол унаа жолунун 48-чакырымында (Шор-Булак айылы) “Хонда-Степвагон” жана “Ауди-100” үлгүсүндөгү унаалары кагышкан. Кырсыктын кесепетинен 4 адам (1 жаш кыз жана 3 эркек, аты-жөндөрү такталууда) каза болуп, 2 эркек адам (1984-жылы туулган, 1983-жылы туулган) жабыркаган.


Куткаруучулар каза болгон жарандардын жансыз денелерин унаадан чыгарышып, ИИМнин кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Ал эми жабыркаган жарандарды "Тез жардам" кызматы райондук ооруканага жеткирген.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн