Бугу 18, 2024
Убакыт: 20:28
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Тоңдо ири жол кырсыгы катталып, сегиз адам каза болду

Тоңдо ири жол кырсыгы катталып, сегиз адам каза болду


Тоң районунда адам өмүрүн алган ири жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан тастыкташты.

Каргашалуу окуя 12нен 13-августка караган түнү катталган. Анда Audi жана BMW үлгүсүндөгү автоунаалар кагышкан.

"Окуя болгон жерге жол инспекторлору барып, каттоого алышкан. Учурда бул боюнча тергөө жүрүп жатат, анын жыйынтыгы менен толук маалымат берилет", - деп кошумчалашты ЖККБББдан.

Айрым ЖМКлардын маалыматына таянсак, үрөй учурган жол кырсыгынан сегиз адам каза болгон, алардын арасында беш айлык жана 1,5 жашар эки жаш бала бар. Ошондой эле алты киши ар кандай жараат алып, ооруканага жеткирилген.

Каза болгондор Нарын облусунун, Балыкчы шаарынын жана Тоң районундагы Көк-Мойнок айылынын жашоочулары болгон.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн