Бугу 04, 2024
Убакыт: 01:32
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Тоңдо жол кырсыктан бир аял жана жаш бала каза болуп, эки адам жабыркады (сүрөт)

01.07.2020 10:29
1114
Тоңдо жол кырсыктан бир аял жана жаш бала каза болуп, эки адам жабыркады (сүрөт)


Ысык-Көл облусунун Тоң районунда жол кырсыгынан 2 адам каза болуп, 2 эркек адам жабыркады. Бул тууралуу ӨКМден маалымдашты. 


Маалыматка караганда, 30-июнь күнү Бөкөнбаев айылынын Кум-Дөбө тилкесинде "УАЗ" үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай, унаа оодарылып кеткен. Кырсыктын кесепетинен 2 адам (1 аял киши жана 1 жаш бала, аты-жөндөрү такталууда) каза болуп, 2 эркек адам жабыркаган.


ӨКМдин №38 ӨКБ куткаруучулары каза болгон жарандардын жансыз денелерин унаадан чыгарышып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Ал эми жабыркаган жарандарды тез жардам кызматы райондук ооруканага жеткирген.





Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн