Ысык-Көлдүн Тоң районунда маршрутканын айдоочусу жолдо жаткан кишини тебелеп кетти. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
«Тогуз-Булак айылында 56 жаштагы М.А. аттуу жаран жолго жатып алган. Ошол учурда Mercedes Benz Sprinter үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу кишини тебелеп токтогон», — деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, окуя болгон жерге беш куткаруучу тартылып, унаанын астынан каза тапкан кишинин сөөгүн чыгарып ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн