Төө-Ашуу ашуусундагы тоннел бардык унаалар үчүн убактылуу жабылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, Чүй облусунун Жайыл районундагы Бишкек - Ош унаа жолунун 132-чакырымындагы К.Көлбаев атындагы тоннелдин ичинде унаа бузулуп, күйүп жаткандыгына байланыштуу унаалардын бардык түрүнө тоннель эки тарабынан убактылуу жабылган.
К.Көлбаев атындагы тоннелде нөөмөткө турган Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Тоо-кен кызматынын куткаруу тобу, ӨКМдин Жайыл райондук бөлүмүнөн саат 16:25те куткаруу унаасы жана 1 бөлүм өрт өчүрүүчү унаа тартылды.
Кошумча маалымат берилет.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн