Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 20:54
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Төө-Ашуу жана Сосновка постунда жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө чектөө киргизилди

26.10.2022 13:15
489
Төө-Ашуу жана Сосновка постунда жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө чектөө киргизилди

Бүгүн, 26-октябрь саат 11:40 баштап тыгындарды болтурбоо максатында аба ырайы жана климаттык шарттар жакшырганга чейин Төө-Ашуу жана Сосновкада бекетинде жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө убактылуу чектөөлөр киргизилди. Бул тууралуу "Кыргызавтожол" ишканасынан билдиришти.


Эрежеге ылайык, кар жааганда жүк ташуучу унаалар Төө-Ашуудагы жолдун аркы өйүзүнө токтоп, унаалардын жүрүшүнө тоскоолдук жаратат. Ошонун негизинде аларга чектөө киргизилет.


"Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканасынын №9 жол тейлөө ишканасы тарабынан Бишкек-Ош унаа жолунда аба-ырайынын шартына байланыштуу жолдорду кардан тазалоо жана инерттик материалдарды себүүиштери жүргүзүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.


Буга байланыштуу "Кыргызавтожол" айдоочуларга жайкы дөңгөлөктөрдү кышкы дөңгөлөккө алмаштырууну, дөңгөлөктөрдүн чынжырчаларын жана күрөктөрүн ала жүрүүнү сунуштайт.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн