Бугу 05, 2024
Убакыт: 22:42
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Төө-Ашууда бороон! Сосновка посту бардык унаалар үчүн жабык

17.04.2023 18:38
301
Төө-Ашууда бороон! Сосновка посту бардык унаалар үчүн жабык

Бүгүн, 17-апрелде саат 15:30дан тартып Бишкек - Ош унаа жолунун 80-чакырымындагы "Сосновка" посту эки тараптуу жабылды.


Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, аба ырайына байланыштуу жол кырсыгын болтурбоо, адам өмүрүнө зыян келтирбөө үчүн баардык унааларга убактылуу чектөө киргизилди.


"Азыркы учурда аталган жолдун бийик тоолуу аймактарында кар жаап, бороон болуп жатат. Төө-Ашуу ашуусунда №9 жол тейлөө ишканасынан бир жүк жүктөгүч, грейдер, "Урал" унаасы тартылып, жолду тазалоо иштерин жүргүзүүдө. Өткөрмөдө 19 оор жүк ташуучу автоунаа токтоп турат. Андыктан алыска сапар тартуу алдында аба ырайы тууралуу маалыматтарга көңүл бурууну сунуштайбыз", - деп айтылат маалыматта.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн