Аяк оона 29, 2024
Убакыт: 04:15
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.895
0.940

Төө-Ашууда бороон! Сосновка постунда жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди

17.04.2023 12:25
309
Төө-Ашууда бороон! Сосновка постунда жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди


Транспорт жана коммуникациялар министрлиги 17-апрелде өлкөнүн айрым жолдорунда кар, кар аралаш жамгыр жаап, бороон болуп жатканын билдирди. Мындан улам, дүйшөмбүдө түнкү саат 2ден тартып Сосновка көзөмөл бекетинде оор жүк ташыган машиналарга убактылуу чектөө киргизилгенин маалымдады.

"Министрликке караштуу жол тейлөө ишканаларынын кызматкерлери өздөрүнө бөлүнгөн аймакты толук көзөмөлгө алып, жолдорду кардан тазалап жатат. Бишкек-Ош жолунун 124-134-чакырым жана 209-230-чакырым аралыктарында бороондон пайда болгон кар күрткүлөр тазаланып, инерттик материалдар себилүүдө. Ош-Сары-Таш-Эркечтам жолунун Тоң-Мурун ашуусунда кар жаап, атайын техникалар тазалап жатышат. Унаа кыймылына чектөө жок. Барскоон-Ак-Шыйрак жолунун Сөөк ашуусунда да кардуу бороон болуп, атайын техникалар даяр турат. Жол ачык. Кырдаалга жараша кошумча маалымат берилет",-деп жазылган кабарда.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн