Бугу 14, 2024
Убакыт: 08:26
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

Төө-Ашуудагы тоннель быйыл жасалат

04.05.2023 14:08
346
Төө-Ашуудагы тоннель быйыл жасалат

Төө-Ашуудагы тоннель быйыл жасалат. Бул тууралуу Транспорт министри Тилек Текебаев социалдык тармактагы баракчасына жазды.


Анын айтымында, күн жылыгандан кийин тоннелдин ичиндеги асфальт жана жарыктар алмаштырылат.


"Ушул маселе боюнча абдан көп суроолор болуп жатат. Эми билесиздер, Төө-Ашууда аба ырайы суугурак. Күндүн жылышы менен тоннелдин ичине жаңы асфальт төшөлүп, жарыктары алмаштырылып ж.б ремонт иштери болот!


Жолду салганга жараша, сапаттуу салалы! Антпесек, кайра эле убара болобуз! Төө-Ашууда каттам да көп, андыктан ишти дыкат аткарууга тапшырма бергем",- деди министр.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн