Бугу 06, 2024
Убакыт: 08:12
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Төө-Ашуудагы жаңы курулуучу тоннелдин автору Нурлан Сулаймановбу?

18.01.2021 15:05
3191
Төө-Ашуудагы жаңы курулуучу тоннелдин автору Нурлан Сулаймановбу?


Транспорт  жана жолдор министрлиги China National Electric Engineering Co., Ltd. (CNEEC) компаниясы менен биргиликте Төө-Ашууга жаңы тоннель курууну пландап жатат. 15-январда министр Бакыт Бердалиев аталган компаниянын өкүлү менен жолугуп, келечектеги долбоорду талкуулаганы белгилүү болду.


Маалыматтарга караганда, бул тоннелди куруу боюнча сүйлөшүүлөр өткөн жылы эле башталган. Алдан ала белгилүү болгондой аталган тоннель Бишкек-Ош жолунун 110-115-чакырымдарында курулат Анын жалпы узундугу 11 чакырым болушу күтүлүүдө.


Буйруса бул долбоор жакынкы аралыкта башталып калышы толук мүмкүн. Учурда иштеп жаткан тоннел 1962-жылы курулган жана аны узакка пайдалануу кооптуу болуп калды. Жүк ташуучу унаалар учурда бир-бирден гана өтүүдө.


Биздин ишенимдүү булактар бул ири сумманы Кыргызстанга тартып жаткан инсан экс-министр Нурлан Сулайманов экенин кабарлады. Биздин мамлекетте инвесторлор үчүн жагымсыз окуялар тынбай уланып жатканда чет өлкөдөн ушундай каражатты алып келүүгө ишкерлерди ынандырган өтө чоң эрдик. Кыргыз эли мындай уникалдуу долбоорлорду колдоп, аны ишке ашыргандарды, каражатты алып келүү үчүн күнү-түнү сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөндөрдү колдошу керек. Саясатты коюп жаратмандык иштерди жасайлы. 

Пикирлер (6)

Коопсуздук коду
Абдыганы Турдукулов
Бул эрдик чыныгы патриоттун иши