Бугу 06, 2024
Убакыт: 18:03
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

Төө-Моюнда кармалган өзбек жаранын кыргыздар урган эмес, чек арада качып бара жатып жардан кулап түшкөн

04.01.2022 13:04
4586
Төө-Моюнда кармалган өзбек жаранын кыргыздар урган эмес, чек арада качып бара жатып жардан кулап түшкөн

 Тѳѳ-Моюнда кармалган чет ѳлкѳлүк жаранды эч ким урган эмес. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сѳз кызматы билдирди.


2022-жылдын 3-январь күнү саат 10:00 чамаларында Араван районунун Төө-Моюн айыл өкмөтүнүн Керкидан айылында чектеш Өзбекстан Республикасынын Мархамат районунан Өзбекстан Республикасынын жараны Кыргыз Республикасынын аймагына мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүп келгенде жергиликтүү тургундар тарабынан кармалгандыгы боюнча маалымат келип түшкөнүн билдирген.


Окуя 2022-жылдын 3-январында саат 11:38 де Араван РИИБдин кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Араван райондук ИИБдин ыкчам-тергөө тобу окуя болгон жерге чыкканда төмөндөгүлөр аныкталган:

2022-жылдын 3-январь күнү саат 02:40 чамасында Кыргыз Республикасынын УКМКнын Чек ара кызматынын аскер бөлүгүнүн кызматкерлери кайтарган тилкеден Өзбекстан Республикасы тараптан белгисиз үч жаран Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын көздөй келе жатышканын байкаган. Алардын мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз өтүп кирүүсүнө бөгөт коюу максатында аларды токтоо деп аларга карай басканда белгисиз үч жаран кача баштаган. Чек ара кызматкери бирөөсүнүн артынан кубалап жѳнѳгѳн, чек араны мыйзамсыз өтүп бараткан белгисиз жаран качып баратып жардан секирип жыгылып түшкөн, аны кармаганда бети-башы кан болуп денесинен жарат алганы, кармалгандыгы жөнүндө акт түзүлгөнү аныкталган. Бул окуя болгон жерден анча алыс эмес жерде жергиликтүү тургандар менен милиция кызматкерлери биргеликте уюштурган түнкү күзѳттѳ тургандар чек арачыларга жардамга жетип келишкен. Ал учурда калган эки шериги кайра Ѳзбекстан тарапка кирип кетүүгѳ үлгүрүшкѳн. 


Кармалган учурда кармалган жарандын жанында өздүгүн аныктоочу документи болгон эмес.

Ѳздүгүн аныктоодо, ал Өзбекстан Республикасынын Фергана облусунун тургуну 38 жаштагы И.У экендиги аныкталган.

Окуя боюнча ыкчам-тергөө тобу окуя болгон жерге кароо жүргүзүлүп, схемасы чийилип, фото-тизмеси түзүлгөн.Күбөлѳр суралган. Кармалган Өзбекстан Республикасынын жараны У.Ига соттук-медициналык экспертизасы дайындалган.


2022-жылдын 3-январь күнү Араван райондук ИИБдин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын КЖКнин 378-бер. 1-б. каралган кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголгон. Өзбекстан Республикасынын Фергана облусунун тургуну 38 жаштагы И.У. Кыргыз Республикасынын КЖПКнин 96-97-бер. негизинде убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.


2022-жылдын 4-январь күнү арыз менен Араван районунун Төө-Моюн айыл өкмөтүнүн Керкидан айылынын 59 жаштагы тургуну С.З. кайрылган. Ал арызында 2021-жылдын 17-декабрь күнү өзү жашаган үйүнүн короосунан 4 баш малдарын белгисиз жарандар уурдап кеткенин билдирген.


З.Снын арызы Араван райондук ИИБдин КБРнин МЭЖне катталып, Өзбекстан Республикасынын Фергана облусунун тургуну 38 жаштагы И.Унун тийиштиги бар же жоктугун аныктоо, ошондой эле шериктерин тактоо боюнча ыкчам-тергѳѳ иш-чаралар жүргүзүлүүдө. 


Ал эми Өзбекстан Республикасынын Фергана облусунун тургуну 1984-жылы туулган И.У. денесинен алган жарааты боюнча 2022-жылдын 3-январь күнү түнкү саат 02:40 чамасында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз өтүп бара жатканда Кыргыз Республикасынын чек ара кызматкерлери аны байкап калганда караңгыда алардан качып баратып жардан жыгылып түшүп денесинен жараат алгандыгын, аны эч ким урбаганын жана арыз жазуудан баш тартканын билдирген.


И.Унун денесинен алган жарааты эмненин негизинде пайда болгонун жана оордук денгээлин аныктоо максатында соттук-медициналык экспертизасы дайындалган. 



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн