Бугу 18, 2024
Убакыт: 12:01
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Төө менен адамдын айырмасы: төө бир жума иштеп, суу ичпей коё алат, адам болсо бир жума арак ичип, иштебей коё алат

08.11.2023 09:53
306
Төө менен адамдын айырмасы: төө бир жума иштеп, суу ичпей коё алат, адам болсо бир жума арак ичип, иштебей коё алат


Мастык  бул өзүң менен өзүң коштошуу аземи

(Г.Малкин)


Мастык  бул жиндиликке машыгуу. 

(Пифагор)


Ата-энеси ичcе, балдары стакан кагыштырышат. 

(Француз накылы)


Арак ичкендер деле 120 жыл жашашы мүмкүн. Бирок, аны жашоо деп айтканга болобу?

(Данил Рудый)


Гераклит айткандай, бир бөтөлкөнү эки жолу иче албайсың. Бирок, эки бөтөлкөнү деле эки жолу иче албайсың. 

(Давид Самойлов)


Бул киши калтыраган колдору менен эмнени ичип жатат билесиңерби? Ал көз жашты ичип жатат, аялынын, балдарынын өмүрүн ичип жатат. 

(Фелисите Робер де Ламенне)


Мас кезиңде берген убадаңды соолукканда сөзсүз аткар. Ошондо эмки жолу сүйлөгөндө ойлонуп сүйлөчү болосуң. 

(Эрнест Хемингуэй)


Аракечтикке каршы аракка тыюу салуу жолу менен күрөшүүгө болбойт, бул ичөткөк менен ажатканага киргизбей коюп күрөшкөндөй эле кеп. 

(С.Янковский)


Мен мас болгондо бөтөлкөнү көрөм, ал эми рюмканы көрбөй калам. 

(Д.Самойлов)


Адамды аракечтиктен айыктыруунун эң жакшы жолу – ага машина алып бериш керек. 

(Рышард Лодлевский)


Шарап арзан болсо эл аракеч болбойт. 

(Томас Джефферсон)


Адам аракеч тиктен ичкенге мүмкүнчүлүгү болбой калганда эмес, алдында арак турса да ичпей койгондо арылат. 

(Л.Толстой)


Аракечтиктен боор гана жакшы “өсөт”.

(В. Семенов)


Кайгы-капаны аракечтиктен башка каражаттардын баары менен жойсо болот. 

(Сэмюэл Джонсон)


Элдин баары менин ичкенимди айтышат, бирок менин чаңкоомду айтышпайт. 

(Шотландия накылы)


Көп ичип, бирок мас болбоо эшектин деле колунан келет. 

(Аристипп)


Ичкен киши – жамандыктын, бузулуунун жолуна түшкөн киши. 

(Джефри Чосер)


Адегенде аракеч шарапты жутат, анан ал вино андан өч алат. 

(Леонардо да Винчи)


Ичип отургандагы досторду дос деп эсептебе, анткени, алар сенин эмес, бөтөлкөнүн достору. 

(Кей-Кавус)


Биринчи бокалды ден соолук үчүн, экинчисин жыргал үчүн, үчүнчүсүн бетпак болуш үчүн, андан кийинкилерин болсо жинди болуш үчүн ичесиң. 

(Анахарсис)


Адамдар холерадан коркушат, бирок вино андан да коркунучтуурак. 

(Оноре Бальзак)


Аракечтик – өзүн-өзү өлтүрүп, эртеси кайра тирилгендин өзгөчө формасы. Мен 10-15 миң жолу өлүп, кайра тирилдим окшойт. 

(Чарльз Буковски)


Ичкен кишинин баары эле акын эмес. Көп кишилер дал акын болбой калганы үчүн ичишет. 

(Дадли Мур)


Рюмканын талкаланганы бакыт алып келсе, бакыттын талкаланганы рюмка алып келет. 

(Ашот Наданян)


Акылдуу киши өзүн жакшы сезгенге чейин ичет, акмак өзүн жаман сезгенге чейин ичет. 

(Константин Мелихан)


Билесиңерби, эң жаман иштерди колуна бокал кармаган киши жасайт. 

(Луи де Фюнес)


Эгер аракечтик болбогондо адамзат дегеле кул болмок эмес. 

(Брант Себастьян)


Мас элди башкарыш оңой. 

(Екатерина Великая)


Эч ким өзүнүн суроолоруна жоопту бөтөлкөдөн таба алган эмес. 

(С.Дж.Тюдор)


Кинодо мас кишинин ролун соо киши гана жакшы аткара алат. 

(Георгий Вицин)


Төө менен адамдын айырмасы: төө бир жума иштеп, суу ичпей коё алат, адам боло бир жума арак ичип, иштебей коё алат. 

(Юлиан Тувим)


Биринчи бокал менен адам винону ичет, экинчи менен вино винону ичет, үчүнчү менен вино адамды ичет. 

(Япон накылы) 


Мамат Сабыров 
Булак: "Азия Ньюс" гезити

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн