Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 13:38
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Тоодо коопсуздук эрежелерин сактабай ок аткан кыздын өздүгү такталды

22.05.2022 09:04
2262
Тоодо  коопсуздук эрежелерин сактабай ок аткан кыздын өздүгү такталды

 Коопсуздук эрежелерин сактабай,  тапанчадан ок чыгарган кыздын өздүгү такталды. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.


Буга чейин социалдык тармактарда 20-25 жаштар чамасындагы азиат улутундагы белгисиз кыз, белгисиз үлгүдөгү тапанчадан ок аткан видео тараган. Бул окуя кайсы тоолуу аймакта болгондугу да белгисиз болгон.

Кеңири тараган видео тасма социалдык тармактардын колдонуучуларынын арасында, коомчулукта нааразылык жаратып, айрымдары тиешелүү чараларды көрүү өтүнүчү менен Ички иштер министрлигинин жетекчилигине видео кайрылуу жолдошкон.


Бул факт Бишкек шаарынын Биринчи май районунун ИИБ Маалыматтарды каттоо электрондук журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүүнүн алкагында ыкчам-издөө иш-чаралары Кыргыз Республикасынын ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын 3-башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн.


Жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында төмөнкү жарандар аныкталып, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук Ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматына өткөрүлүп берилди:

- Б.А., 2000-жылы туулган, Бишкек шаарынын тургуну.

- А.Ж.,1985-жылы туулган  Бишкек шаарынын жашоочусу.


Жүргүзүлгөн иштин негизинде травматикалык тапанча алынып, тиешелүү экспертизалар дайындалды. Тапанчанын ээси жогоруда аталган А.Ж. аттуу жаран. 


Алдын ала алынган маалыматтар боюнча, видеодо чагылдырылган окуя мындан беш күн мурда "Бишкек-Ош" унаа жолунан алыс эмес жерде, «Чычкан» капчыгайынын аймагында болгон. 


Ок атууну сүйгөн жарандын айтымында, видео тасмада болуп жаткан көрүнүштү өзүнүн досу тартып алган.

Ал эми, аталган фактыга юридикалык баа берүү боюнча тиешелүү чаралар көрүлүүдө.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн