Бугу 09, 2024
Убакыт: 22:29
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Токтоосуз келтирилген чыгымдар иликтенип, фиксация жүрүшү керек

03.05.2021 11:45
1266
Токтоосуз келтирилген чыгымдар иликтенип, фиксация жүрүшү керек


Кыргыз "ысыгында чап" дейт. Токтоосуз Өкмөт, ЖК, Жарандык коомдон "Баткендеги Тажикстандын баскынчылыгын иликтөө боюнча" Биргелешкен Комиссия түзүлүп, Эл аралык уюмдардын, Тажикстандын биздеги элчилигинин катышуусунда чыгымдар, залалдар, зыяндар менен жоготуулар иликтенип, фиксация жүрүшү керек. Эртең тажиктердин "баарын монтаждап коюпсуңар" дегенине жол берилбеши үчүн.

Биздикилер эмнени күтүп жатасыңар?

Деги эртең баскынчыларга каршы доо коюу ниетибиз барбы?
50дөн ашык адамдын өлүмүнө ким бирөө жоопкер болушу керекпи?
Көз карандысыздыгыбызга шек келтирген бул окуя сөзсүз тарыхый-юридикалык баасын алышы кажетпи?
Же жаман прецеденттин кайталанышына өзүбүз шалаакылык менен жол беришибиз керекпи?

Эмне мынча реакцияңар жай?

Тынчтык Алтымышев, журналист
Редакциядан: Автордун макаласы редакциянын көз карашын билдирбейт

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Рахат
Биздикилер дайыма былжырап артта журот.Кошомат кылып.Колунан эч нерсе келбейт. Тажиктер даярданып жатканын коруп билип туруп аракет жасабай Баткен элин мишень кылып беришти.