Армения менен Азербайжан талашып келген Тоолуу Карабакта 4-январга чейин 1184 адамдын жансыз денеси табылган. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыкты. Издөө иштерин аталган автономиялуу республиканын тиешелүү кызматтары жүргүзүп жатат. 3-январда 20 сөөк табылса, 4-январда алынган 9 жансыз дененин үчөөсү жайкын тургундар болуп чыккан.
Сентябрь айында башталган кармашуудан бери бул аймакта 10 миңге жакын адам каза болгону айтылууда. 10-ноябрда Россия, Азербайжан жана Армениянын ортосундагы тынчтык келишимине кол коюлгандан бери ок атышуу дээрлик токтогон.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн