Тоолуу Карабактагы Азербайжан ээлеген калктуу пункттардагы армияндар өз үйлөрүн өрт коюп, аймактан чыгып кетип жатат. Бул тууралуу видеолор социалдык тармактарда тарап жатканын “Sputnik Армения” маалымдады.
“Лачин, Кельбаджар, Агдам райондорунда жашаган армияндар үйлөрүнө, дүкөндөрүнө өрт коюуда. Алар өз буюмдарын унааларга жүктөгөндөн кийин ушундай кадамга барууда. Максаты эле имараттардын пайдасы аймакты басып алган азербайжандарга тийбесин дегендей болууда”, - деп айтылат аталган маалыматта.
Пикирлер (1)