Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кар көчкүгө байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.
Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык, үстүбүздөгү жылдын 27-апрелинен 29-апрелине чейинки жаан-чачынга байланыштуу төмөнкү тоолуу аймактарда кар көчкү түшүүсү күтүлүүдө:
- Кыргызстандын тоолуу райондорунда;
- Бишкек – Ош унаа жолунун 207-224-чакырымындагы Ала-Бел ашуусунда;
- Каракол – Эңилчек унаа жолунун 74-86 чакырымындагы Чоң-Ашуу ашуусунда.
Белгиленгендей, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелүүсү зарыл.
"Кандайдыр бир кырдаалга кабылсаңыз же күбөсү болсоңуз “112” кызматына тезинен кабарлаңыз", -деп айтылат билдирүүдө.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн