Бүгүн, 26-июнда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал, калган аймактарда күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет
агенттиги маалымдады.
Күндүз Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 14…19, күндүз 30…35;
Талас облусунда түнкүсүн 12...17, күндүз 28…33;
Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 15…20, күндүз 30…35;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 20…25;
Нарын облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 18…23;
Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -2…+3, күндүз 5…10 градус болот.
Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 16…18, күндүз 33…35 градус болот.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн