Кулжа 26, 2024
Убакыт: 14:56
USD
86.40
87.30
EUR
92.30
93.30
RUB
0.960
1.000

Төрага: Кастыктын үрөөнүн сепкендер улутуна карабай эл душманы болуп кала берет (фото)

12.06.2020 20:42
1233
Төрага: Кастыктын үрөөнүн сепкендер улутуна карабай эл душманы болуп кала берет (фото)


Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков бүгүн, 12-июнда Жалал-Абад шаарына барып, 2010-жылдагы июнь окуяларынын 10 жылдыгына арналган иш-чарага катышып, андагы курман болгондорду эскерди.


Парламенттин басма сөз кызматы билдиргендей, иш-чаранын алкагында “Санпа” монументине гүл коюлуп, маркумдарга багышталып куран окулду.

Каза болгондордун жакындарына көңүл айткан төрага Дастанбек Жумабеков: “2010 - жылдын июнь окуялары эгемен Кыргызстандын тарыхындагы эӊ азалуу жана кайгылуу окуялардын бири болуп калды. Ал күндөрдүн трагедиясы бүткүл кыргызстандыктардын эс-акылына жана жан дүйнөсүнө оор так түшүрдү. Окуя көптөгөн үй-бүлөлөрдүн тагдырын талкалап, миӊдеген адамдар баш-паанексиз, өз үйлөрүн таштап кетүүгө мажбур болушту. Андан бери 10 жыл өтсө да, окуяда курман болгон жана дайынсыз жоголгон адамдардын жакындарынын, бир туугандарынын арманы, кайгы-муӊу унутулган жок”, – деди.


Муну менен катар төрагаОшол трагедиялуу күндөрдө үрөй учурга зомбулуктун курмандыгы болуп, каза тапкандарды унутпайбыз”, - деп кошумчалады.

Ошондой эле маркумдардын жакындары жана окуянын катышуучулары менен болгон баарлашууда кандуу окуя ар бир кыргызстандыктын жүрөгүндө сакталарын белгиледи Дастанбек Жумабеков.

 

Андыктан өткөн күндөргө баа берип жатып, биз ал трагедиянын кайталанбашы үчүн мындан да биримдиктүү, ынтымактуу болууга тийишпиз. Ошол кайгылуу күндөрдө каза болгондорго көрсөткөн урматыбыз катары биз тынчтыкты сактап, келечек муундар үчүн коом ынтымагын улам бекемдеп куруубуз кажет. Ал эми биздин ортобузга кастыктын үрөөнүн сепкен адамдар улутуна карабастан элибиздин душманы болуп кала беришет”, – деди ал.

 

Эскерүү иш-чарасынын алкагында төрага Дастанбек Жумабеков Жогорку Кеңештин атынан каза болгондордун жакындарына берүү үчүн Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнө жана “Санпа шейиттери” биримдигине каржылык жардам тапшырды.  

 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн