Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 06:46
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Төрага Мыктыбек Абдылдаев Сооронбай Жээнбеков менен телефон аркылуу сүйлөштү

08.10.2020 17:11
848
Төрага Мыктыбек Абдылдаев Сооронбай Жээнбеков менен телефон аркылуу сүйлөштү

Бүгүн, 8-октябрда Жогорку Кеңештин Төрагасы Мыктыбек Абдылдаев Президент Сооронбай Жээнбеков менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди. 


Маалыматка караганда, президент тараптан демилгеленген бул баарлашууда өлкөдөгү соңку саясий кырдаал талкууланды.


"Төрага азыркы убакытта Жогорку Кеңеш абалды турукташтыруу жана мыйзамдык талаага кайтып келүү боюнча бардык колдон келген аракеттерди жасап жатканын, ошондой эле депутаттар тарабынан абалдан чыгуунун бир катар жолдору сунушталганын белгиледи. Ошону менен катар айрым эл өкүлдөрү тарабынан Президентти кызматтан четтетүү процедурасы башталгандыгын эскертти.  


Мыктыбек Абдылдаев Президентке кабыл ала турган чечимдер канчалык оор болбосун, ушул күндөрү түзүлгөн кырдаалдан чукул арада чыгуунун жолдорун ыкчам түрдө кароосу керек экенин белгиледи.


"Анткени, өлкөбүз күтүү режиминде жашай албайт”, - деп айтылат маалыматта. 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн