Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 11:27
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.972

Төрага Нурланбек Шакиев Казакстан Парламентинин Мажилисинин төрагасы Ерлан Кошанов менен жолугушту

27.06.2023 15:28
306
Төрага Нурланбек Шакиев Казакстан Парламентинин Мажилисинин төрагасы Ерлан Кошанов менен жолугушту


Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Казакстан Парламентинин Мажилисинин төрагасы Ерлан Кошанов менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, жолугушууда Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы алакаларга тиешелүү актуалдуу маселелер талкууланып, парламенттер аралык байланыштарды чыңдоо тууралуу сөз болду.

Алгач Нурланбек Шакиев жакында Мажилистин депутаттарын шайлоо боюнча уюштурулган өнөктүктөн ийгиликтүү өтүшү менен куттуктап, Төрага болуп кайрадан шайланган Ерлан Кошановго ийгиликтерди каалады.

"Жаңы шайланган Мажилистин депутаттары мамлекеттер аралык мамилелерди өнүктүрүүгө өзгөчө салым кошосуздар деген ишеничтемин. Айрыкча бүгүнкү жолугушуубуз алакалардын учурдагы абалын талкуулоого мүмкүндүк берип, эки тараптуу парламенттер аралык байланыштарды чыңдоого кошумча түрткү берет деген үмүттөмүн" - деди Жогорку Кеңештин төрагасы.

Муну менен катар Нурланбек Шакиев Казакстан менен достук жана жакын кошуналык мамилелерди өнүктүрүү Кыргызстандын тышкы саясаятындагы артыкчылыктуу багыттардын бири экенин белгилеп: "Эзелтен келе жаткан эки элдин байланышын жакын коңшулук жана стратегиялык өнөктөштүктүн алкагында өнүктүрүү менен жетишилген келишимдерди мыйзамдык жактан колдоо максатында парламенттер аралык алакаларды арттырышыбыз керек", - деди.

Жолугушууда Парламенттер аралык кеңештин кезектеги жыйынын өткөрүү маселеси көтөрүлдү.

Андан тышкары, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык кызматташтыкты кеңейтүү зарылчылыгына токтолгон Нурланбек Шакиев саясатта да, экономикалык багытта да эки өлкөнүн ортосунда эч кандай маселе жок экендигин, эл аралык алкакта да Кыргызстан менен Казакстан бири-бирин колдоп келе жаткандыгын белгиледи.

"Айрыкча мамлекет башчыларынын тыгыз байланышы парламенттер жана өкмөттөр аралык кызматташтыктын өнүгүшүнө өбөлгө түзүүдө", - деген Жогорку Кеңештин төрагасы парламенттеги тармактык комитеттердин биргелешкен отурумдары жана Аппараттардын тажрыйба алмашуу өнөктүгү жигердүү жүргүзүлүп жаткандыгын мисал кылды.

Сөзүнүн соңунда Мажилистин төрагасы Ерлан Кошановду Кыргызстанга расмий иш сапар менен келип кетүүгө чакырды.

Өз кезегинде Казакстан Парламентинин Мажилисинин төрагасы Ерлан Кошанов Жогорку Кеңеш менен Мажилистин ортосундагы кызматташтыкты арттырууга кызыкдар экендигин айтып, күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди чечүүдө тармактык комитеттердин жолугушуулары оң таасир берип жатканын эске салды. Ошондой эле жаңы чакырылыштагы Мажилисте алгачкы депутаттык топ Кыргызстан менен кызматташуу багытында түзүлгөнүн мисал кылды.

"Эки элдин ортосундагы мамлекеттер аралык байланыш башка өлкөлөр үчүн үлгү болушу керек", - деген Ерлан Кошанов Казакстандын миграциялык саясатына тиешелүү мыйзам долбоорун кароодо кыргызстандык мигранттардын укуктук абалы эске алуу боюнча тийиштүү иштер жүргүзүлүп жаткандыгын маалымдады.

Жолугушуунун соңунда төрага Нурланбек Шакиев баштаган парламенттик делегация Ерлан Кошановдун коштоосунда Мажилистин ишмердүүлүгү менен таанышты.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн