Бугу 06, 2024
Убакыт: 19:43
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

Төрага Нурланбек Шакиев Москвада ЖККУ ПАнын кеңешинин отурумуна катышты

19.12.2023 14:53
187
Төрага Нурланбек Шакиев Москвада ЖККУ ПАнын кеңешинин отурумуна катышты


Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Москва шаарында өтүп жаткан Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Парламенттик ассамблеясынын (ЖККУ ПА) Кеңешинин отурумуна катышты.

Иш-чараны Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Вячеслав Володин ачып, жыйында жамааттык коопсуздукка байланышкан маселелер талкууланды. Ошондой эле Ассамблеянын алкагында парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү тууралуу сөз болду.

Отурумда сөз сүйлөгөн төрага Нурланбек Шакиев Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна төрагалык кылуу милдети Казакстанга өтүп жатканын эске салып, Кыргызстан Парламенттик ассамблеянын алдыдагы пландарын ийгиликтүү ишке ашырууга көмөктөшөрүн кошумчалады.

Муну менен катар парламенттер аралык кызматташтык ЖККУ алкагындагы байланыштарды чыңдоого өбөлгө түзөрүн белгиледи.

"Жамааттык коопсуздукту камсыздоо жаатындагы алакаларды арттыруу үчүн моделдик мыйзамдардын долбоорлорун иштеп чыгуу жана улуттук мыйзамдарды бири-бирине шайкеш келтирүү багытындагы иштерди улантуубуз кажет. Айрыкча мамлекет башчыларыбыздын кабыл алган чечимдерин мыйзамдуу ишке ашырууда парламенттердин ролу чоң”, – деди төрага.

Андан тышкары, Шакиев Кыргыз Республикасы ЖККУнун потенциалын чыңдоого өзгөчө маани берерин кошумчалады.

“Дүйнөдөгү аскердик-саясий кырдаал жана коопсуздукка коркунуч жараткан чакырыктар мамлекеттер аралык алакаларга терс таасирин тийгизери анык. Андыктан, компромисстик ыкмаларды издөө менен көйгөйлөрдүн келип чыгышынын себептерин жоюу боюнча кызматташтыкты бекемдөө учур талабы. Биз кандай гана чыр-чатактар болбосун тынчтык жолу жана дипломатиялык ыкмалар менен жөнгө салынышын жактайбыз”, – деди Шакиев.

Эскерке кетсек, ЖККУ ПАга Кыргызстандын, Россиянын, Казакстандын, Армениянын, Беларустун жана Тажикстандын парламенттери мүчө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн