Бугу 11, 2024
Убакыт: 12:29
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Төрага Нурланбек Шакиев парламенттин аппараты менен жыйын өткөрдү

22.11.2023 12:03
163
Төрага Нурланбек Шакиев парламенттин аппараты менен жыйын өткөрдү


Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев парламенттин аппаратынын жетекчилери, бөлүм башчылары жана орун басарлары менен жыйын өткөрдү.

Жыйынга Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басарлары Нурбек Сыдыгалиев жана Жамиля Исаева да катышты.

Алгач төрага Нурланбек Шакиев жакында эле өткөн Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын күзгү сессиясы, Жогорку Кеңештин 85 жылдыгына жана Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналган эл аралык конференциялар тууралуу сөз кылып, аларды уюштурууда аппарат кызматкерлеринин салымы чоң экенин белгиледи.

Муну менен катар парламенттин ишин өркүндөтүү боюнча бир катар сунуш-пикирлерин айтты.

Тагыраагы, ар бир кызматкердин жасаган иши жалпы парламенттин сапаттуу иштешине түздөн-түз таасирин тийгизерин белгиледи.

“Ар бир бөлүм өзүнө жүктөлгөн жоопкерчиликти түшүнүп, белгиленген милдеттерин өз убагында жана так аткаруусу кажет. Эч кандай өзүм билемдикке жол берилбеши керек”, – деди Нурланбек Шакиев.

Төрага ошондой эле кадрдык өзгөрүүлөр тууралуу сөз кылды. “Аппараттагы жетекчилерди дайындоодо мурдатан бери иштеп келе жаткан адистерге артыкчылык берилет. Алардын көп жылдык тажрыйбасын пайдаланып, башкалардын шыктанып иштөөсүнө өбөлгө түзүшүбүз керек. Бул менин башкы талабым”, – деп кошумчалады Шакиев.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн