Бугу 16, 2024
Убакыт: 21:51
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Төрага: Орозодо кайрымдуулар көбөйүп, кайгыргандардын кабагы ачылсын

23.04.2020 19:16
846
Төрага: Орозодо кайрымдуулар көбөйүп, кайгыргандардын кабагы ачылсын


Төрага Дастанбек Жумабеков Жогорку Кеӊештин атынан отуз күндүк ыйык Орозо айынын башталышы менен куттуктады, деп билдирет парламенттин басма сөз кызматы.


Төрага белгилегендей, адамзатты сабырдуулук менен кеӊ пейилдикке үндөгөн отуз күндүк Орозодо жакшылыктар арбын жасалып, жаман ойлорго чек коюлууга тийиш. Айрыкча колунда жокторго кайрымдуулук кылып, аларга жардам колун сунуу бул айдагы ыйык эрежелердин бири.


Андыктан, он эки айда бир келчү Орозо айын жалпы мусулман коомчулугу, айрыкча кыргыз эли да жакшы тилек, аруу үмүттөр менен күтөт. Ыйык айда дүйнөгө тынчтык орноп, Кыргызстаныбызда жакшылыктар арбын болсун! Кечиримдүүлүк менен кеӊ пейилдик жарандарыбызды жаӊы турмушка жетелеп, араздашкандар азайсын! Кайрымдуулар көбөйүп, кайгыргандардын кабагы ачылсын! Кудайым аруу тилектер менен кармаган орозобузду кабыл кылып, кубанычтарыбызга кубаныч кошсун!
”, - деди Д.Жумабеков.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн