Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 15:26
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.972

Төрага Шакиев Казакстандын президенти Токаев менен жолугушту

26.06.2023 17:29
287
Төрага Шакиев Казакстандын президенти Токаев менен жолугушту


Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Казакстандагы расмий иш сапарынын алкагында аталган өлкөнүн президенти Касым-Жомарт Токаев менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Жолугушууда мамлекеттер аралык байланыштын учурдагы абалы тууралуу сөз болуп, бардык багыттагы кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланды.

Кыргызстан Казакстан менен калыптанган алакаларды өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин белгилеген Төрага Нурланбек Шакиев байланыштарды арттырууда парламенттик дипломатиянын ролу чоң экендигин кошумчалады. Муну менен катар экономикалык кызматташтык тууралуу да сөз кылып, эки өлкө ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмүн 2 млрд долларга жеткирүү планын жакынкы аралыкта ишке ашыруу маселесине токтолду.

"Биз жөн гана стратегиялык өнөктөш өлкө эмес, эзелтен эриш-аркак жашаган, боордош мамлекетпиз. Андыктан, жетишилген келишимдерди ийгиликтүү ишке ашырып, кызматташтыгыбызды улантышыбыз керек", - деди Жогорку Кеңештин төрагасы.

Ал эми Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев эки мамлекет ортосунда алакалар акыркы жылдары жигердүү өнүгүп жатканын белгилеп, бардык маселе сүйлөшүүлөрдүн негизинде ыкчам чечилип жатканын билдирди.

Андан тышкары, маданий-гуманитардык кызматташтык жөнүндө да кеп кылып: "Өткөн жылы Казакстанда Кыргызстандын маданият күндөрү жогорку деңгээлде өткөрүлүп, каада-салт, үрп-адаты окшош эки элдин маданий алакасы дагы бир тепкичке көтөрүлдү. Ушундай иш-чаралардын байма-бай уюштурулушу эки өлкө ортосундагы достук, бир туугандык мамилелерди чыңдоого өбөлгө түзөт деген ишеничтемин", - деди Касым-Жомарт Токаев.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн