Бугу 13, 2024
Убакыт: 12:46
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

Төрага Шакиев Россиялык кесиптеши Матвиенко менен жолугушту

16.11.2023 15:11
287
Төрага Шакиев Россиялык кесиптеши Матвиенко менен жолугушту


Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Россиянын Федералдык жыйынынын Федерация кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко менен жолукканын парламенттин мааалымат кызматы кабарлады.


Жолугушууда Кыргызстан менен Россиянын кызматташтыгына байланышкан актуалдуу маселелер талкууланып, анын ичинен парламенттер аралык алакаларды арттыруу тууралуу сөз болгон.


Шакиев узак жылдардан бери достукка жана өз ара ишенимге негизделген эки мамлекеттин мамилесин өнүктүрүү Кыргызстан үчүн артыкчылыкка ээ экенин белгилеген. Өткөрүлүп жаткан жолугушуу өнөктөктөштүктү мындан ары да өрчүтүүгө өбөлгө түзөрүнө ишенерин билдирген.


"Парламенттик дипломатия эки тараптуу мамилелерге байланышкан актуалдуу маселелерди чечүүдө маанилүү роль ойнойт. Андыктан эки тараптуу алакаларды кеңейтүү менен катар КМШ ПАА, ЖККУ ПА өңдүү эл аралык аянтчалардагы кызматташтыкты арттыруубуз кажет", – деп кошумчалаган парламенттер аралык байланыштарга токтолгон ЖК төрагасы.


Жолугушууда спикерлер соода-экономикалык жана инвестициялык байланыштар тууралуу да сөз кылышты.


Шакиев эки өлкө ортосундагы мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу менен соода жүгүртүүнүн көлөмүн 5 млрд. долларга жеткирүү зарылчылыгына токтолду.


Андан тышкары, маданий-гуманитардык кызматташтыкка тиешелүү маселелер да көтөрүлүп, билим берүү жаатында биргелешип ишке ашырылып жаткан долбоорлорду жигердүү улантуу зарылчылыгын айткан.


Матвиенко эки өлкөнүн алакасы динамикалуу түрдө өнүгүп жатканын белгилеп, парламенттик диалогдун алкагында талкуулана турган негизги маселелерге токтолгон. Айрыкча, КМШ ПААнын жана Парламенттер аралык комиссиянын деңгээлиндеги өнөктөштүктү активдештирип, тармактык комитеттердин ортосундагы алакаларды да арттыруу керектигин билдирген спикер айым Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы жетишилген келишимдерди ишке ашырууда парламенттик көзөмөлдүн ролу зор экенин белгилеген.


Акыркы жолу Кыргызстанга 2017-жылы келгенин айткан төрайым бул иш сапарында өлкө тездик менен өнүгүп жатканына күбө болгонун, буга Бишкек шаарындагы өзгөрүүлөр мисал экенин кошумчалаган.


Матвиенко Шакиевге Улуу Ата Мекендик согушка катышкан 400 миңден ашуун кыргызстандыктын архивде сакталган жеке маалыматтары камтылган жыйнактын көчүрмөсүн тапшырды.


Эскерте кетсек, бул жолугушуу Бишкек шаарында өтө турган Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын жыйындарынын алкагында уюштурулду.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн