Бугу 17, 2024
Убакыт: 08:38
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Төрага баш болгон бир катар депутаттар Рамазан айы менен куттукташты

24.04.2020 11:06
1156
Төрага баш болгон бир катар депутаттар Рамазан айы менен куттукташты


Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков баш болгон бир катар эл өкүлдөрү кыргызстандыктарды ыйык Рамазан айынын башталышы менен куттукташты.


Дастанбек Жумабеков, ЖК төрагасы:


- Он эки айда бир келчү Орозо айын жалпы мусулман коомчулугу, айрыкча кыргыз эли да жакшы тилек, аруу үмүттөр менен күтөт. Ыйык айда дүйнөгө тынчтык орноп, Кыргызстаныбызда жакшылыктар арбын болсун! Кечиримдүүлүк менен кеӊ пейилдик жарандарыбызды жаӊы турмушка жетелеп, араздашкандар азайсын! Кайрымдуулар көбөйүп, кайгыргандардын кабагы ачылсын! Кудайым аруу тилектер менен кармаган орозобузду кабыл кылып, кубанычтарыбызга кубаныч кошсун!


Төрөбай Зулпукаров, ЖК депутаты, КСДП фракциясы


- Урматтуу мекендештер, Рамазан айынын келиши менен баарыңыздарды куттуктайбыз. Рамазан айында жасаган ибаадаттарыңыздарды Жараткан кабыл кылсын. Кармаган орозоңуздарга Аллахым көптөгөн соопторду берсин. Кыргызстанга келген жаман илдеттен эртерээк чыгып кетүүгө Жараткан жардам берсин.



Бактыбек Турусбеков, ЖК депутаты, "Бир Бол" фракциясы:


- Урматтуу мекендештер, достор! Сизди ыйык орозо айынын башталышы менен куттуктайм! Орозоңуздар кабыл болсун! Бул айда Жараткан кетирген күнөөлөрүбүздү кечирип, өлкөбүзгө ырыскы алып келсин.



Марлен Маматалиев, ЖК депутаты, "Республика - Ата Журт" фракциясы:


- Бардык мусулмандарды ыйык Рамазан айы менен куттуктайм! Кудуреттүү Кудайым баардыгыңыздарды жамандыктардан коргоп, ыйманыңыздарды бекемдесин! Бүгүнкү күндө 1200дөй адам бөйрөк жетишсиздиги менен жабыркап келет жана гемодиализ кызматтарына муктаж. Азыркы учурда өкмөт атайын ал максат үчүн каражат бөлүп, аларды гемодиализ менен камсыз кылууда. Бул чечимди кабыл алгандан тартып өз эсебинен дарыланып жаткан дагы 200 оорукчан кошулган. Ар бирине дарылануу орто эсеп менен айына 60 000 сом турат. Түзүлгөн кырдаалга байланыштуу акча каражат өзүн бакканга жетпей жаткан учурда дарылануу абдан оор болууда. Ошондуктан кыйын кырдаалда жарандарыбызга колдоо көрсөтүп Жалал-Абаддагы “Евродиализ” гемодиализ борбору жана Бишкектеги “Dialife” эл аралык нефрология жана гемодиализ борбору жеке клиникалары менен биргеликте биз 2 млн сом бөлдүк. Ыйык Рамазан айында бул клиникаларда 60 адам бекер дарыланат.


Алтынбек Сулайманов, ЖК депутаты, "Бир Бол" фракциясы: 


- Урматтуу мекендештер, боорукерликке, кайрымдуулукка, кечиримдүүлүккө үндөгөн Рамазан айынын башталышы менен баарыңыздарды чын дилимден куттуктайм! Ыйык Рамазан айында Жараткан ырайымдуулук кылып, ыйманыбызды бекемдеп, ар бир үй-бүлөгө бакыт тартууласын Кыргызстанды гана эмес, бүткүл дүйнөнү каптаган оорудан оолак болуп, куттуу айда ал дартты жеңип чыгалы. Кармаган орозоңуздар жана бардык дубаларыңыздар кабыл болсун!


Дастан Бекешев, ЖК депутаты, КСДП фракциясы: 


- Алла бизге жакшы иштерди жасообуз үчүн миллиардаган мүмкүнчүлүктөрдү жана бекем кайрат берсин. Мен 2014-жылдан бери орозо кармайм. 3 күндүн ичинде ачка жүрүүгө көнсө болот, керек болсо спорт менен машыгууга болот. Болгону өз кайратыңды чыңдоо, чыдамкай жана кечиримдүү болуу кээ бирлери үчүн оңойго турбашы мүмкүн. Орозо тутуунун мааниси ачка жүрүүдө эмес, өз каалоолоруңду тыюуда. Барыңарга Кудай эрктүү болууга күч берсин.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн